Дибейбе Ливиядагы шайлоо процессине токтолду

Ливияда Улуттук биримдик өкмөтү тарабынан түзүлгөн Шайлоолорду колдоо боюнча министрлер комитети тарабынан «шайлоо симуляциясынын виртуалдык операциясы» уюштурулду.

1902638
Дибейбе Ливиядагы шайлоо процессине токтолду

Ливиянын Улуттук Биримдик Өкмөтүнүн Премьер-министри Абдулхамид Дибейбе өкмөттүн Ливиянын бардык аймактарында шайлоолордо коопсуздукту камсыздай ала турганын билдирди.

Ливияда Улуттук биримдик өкмөтү тарабынан түзүлгөн Шайлоолорду колдоо боюнча министрлер комитети тарабынан «шайлоо симуляциясынын виртуалдык операциясы» уюштурулду.

Дибейбенин «Шайлоо симуляциясы» менен виртуалдык операцияга катышкан көрүнүштөрү Facebook социалдык медиа эсебинде «Биздин Өкмөт» платформасында бөлүшүлдү.

Дибейбе Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ливия боюнча атайын өкүлү Абдуллах Батылы катышкан программада шайлоолорго токтолду.

Ливиялыктардын тандоо укугун баса белгилеген Дибейбе шайлоонун коопсуздугун камсыз кылуу мүмкүн эместигин шылтоо кылып бул процессти узартууга аракет кылган тараптарга мүмкүнчүлүк берилбеши керектигин белгиледи.

Дибейбе өкмөттүн Ливиянын бардык аймактарындагы шайлоолордо коопсуздукту камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин баса белгиледи.

Дибейбе ошондой эле Ички иштер министрлигине шайлоо процессинде коопсуздукту камсыздоо жана мүмкүн болгон сценарийлер менен күрөшүү стратегиялары көрсөтүлгөн "шайлоо симуляциясы" виртуалдык операциясына катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар