Жейк Салливан Украинага колдоо берүүнү улантышарын айтты

Салливан Киевдеги жолугушууларынын негизинде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушту.

1902476
Жейк Салливан  Украинага колдоо берүүнү улантышарын айтты

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешчиси Жейк Салливан Украинада Россияга каршы согуштун улантылып жаткандыгын белгилеп, Украина армиясына чечкиндүү түрдө колдоо берүүнү улантышарын айтты.

Украинанын президенттик кеңсесинин төрагасы Андрей Ермак менен өлкөдө жолугушууларды өткөрүү үчүн борбор шаар Киевге келген Жейк Салливан биргелешкен пресс  - жыйын өткөрдү.

Бул жерде сөз сүйлөгөн Салливан орус күчтөрүнө каршы операцияда акырына чейин Украинага колдоо беришерин айтып : «Украинага бул операцияларды улантуусу үчүн керектүү бардык жардамды беребиз»,- деди.

АКШнын Украинанын жанында болорун белгилеген Салливан : «Алдыга жылууда  эч бир тартынуу, кызыл желек, жол берүү болбойт»,- деди.

Салливан Киевдеги жолугушууларынын негизинде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушту.



Тектеш кабарлар