Түндүк Корея төрт баллистикалык ракета атты

Түндүк Корея, АКШ жана Түштүк Кореянын уланып жаткан биргелешкен аскердик машыгуусунда төрт ракета атлды.

1902598
Түндүк Корея төрт баллистикалык ракета атты

Түндүк Корея, АКШ жана Түштүк Кореянын уланып жаткан биргелешкен аскердик машыгуусунда төрт ракета атылды.

Түштүк Кореянын аскердик жетекчилеринин билдирүүсүндө түшкө маал Түндүк Кореянын батыш жээгинен төрт кыска аралыкка учуучу ракета атылганы белгиленди.

Билдирүүдө ракеталар атылгандан кийин 130 километрдей учуп, өлкөнүн батыш деңизине түшкөндүгү билдирилди.

Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги бүгүн аяктай турган машыгууга кеминде бир "В-1В" бомбалоочу учактын кошуларын жарыялаган.

Түштүк Корея 240ка жакын согуштук учак менен акыркы мезгилдердин эң чоңу катары катталган аба машыгуусуна катышууда.

Түндүк Корея машыгуудан мурда машыгууларды "потенциалдуу бир баскынчылык үчүн даярдык" деп мүнөздөп, АКШны"күчтүү иликтөө чараларын" ишке ашырары тууралуу эскерткеден кийинкеминде он  ракета сынады.

Акыркы айларда ракета сыноолору менен сынга кабылган Түндүк Корея акыркы жолу 28-октябрда Чыгыш деңизи (Жапон деңизи) багытында 2 баллистикалык ракета учурган.

Ушул жылдын башынан бери Пхеньян администрациясы Бириккен Улуттар Уюмунун  чечимдерин бузуу менен 28 - сынагын аткарды.

 



Тектеш кабарлар