Си Цзиньпин Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолугушту

Быйыл Кытай-Германия дипломатиялык карым-катнаштарынын 50 жылдыгы белгиленип жатат.

1902450
Си Цзиньпин Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолугушту

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин борбор шаар Пекинге барган Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолугушту.

Жолугушууда Си Шольцтун кызматка киришкенден кийинки биринчи Кытайга сапарынын эки өлкөнүн ортосундагы түшүнүшүүнү жана ишенимди жакшырта турганын, ар түрдүү тармактардагы кызматташтыкты тереңдетип өз ара байланыштарды илгерилетүүгө маанилүү мүмкүнчүлүктү түзөрүн баса белгиледи.

Быйыл Кытай-Германия дипломатиялык карым-катнаштарынын 50 жылдыгы белгиленип жатканын эске салган Си, ушул 50 жылдын өз ара пайдага негизделген кызматташтык уланган сайын мамилелердин туура багытта өнүгө турганын далилдегенин билдирди.

Дүйнөнүн татаал жана туруксуз шарттардан өтүп жаткандыгына көңүл бурган Си, Кытай менен Германиянын таасирдүү эки өлкө катары бул өзгөрүү жана туруксуздук мезгилинде глобалдык тынчтык жана өнүгүүгө салым кошуусу керектигин айтты.

Германиянын канцлери Шольц коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын башталышынан бери Кытайга барган биринчи G7 өлкөсү лидери болду. Шольцс ошондой эле  Кытай Коммунисттик партиясынын өткөн аптада өткөрүлгөн 20-Улуттук курултайынан кийин өлкөгө барган биринчи лидерлердин арасында орун алды.



Тектеш кабарлар