Россия менен Украина туткундарды алмаштырышты

Россия менен Украинанын ортосунда туткун алмаштыруу акыркы жолу 29 -октябрда болгон жана 52 украиналык менен 50 орус жараны бошотулган.

1902098
Россия менен Украина туткундарды алмаштырышты

Россия менен Украинанын ортосунда 24 - февралдан бери болуп келе жаткан согушта туткунга түшкөн аскерлер алмаштырылды.

Россиянын коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Украина тарабы менен сүйлөшүүнүн натыйжасында 107 орус аскери бошотулду.

Аскерлерге керектүү медициналык жана психологиялык жардамдын берилгендиги белгиленип, бул кишилердин министрликке таандык учактар менен борбор шаар Москвага алып барылгандыгы билдирилди.

Украина Президенттиги Аппаратынын Жетекчиси Андрей Ермак Telegram аркылуу билдирүү жасап, туткундарды алмаштыруунун натыйжасында 74 киши Азовсталь заводундасогушкандар менен бирге 107 украиналык аскердин бошотулгандыгын билдирди.

Ермак : «Согушта жарадар болгондордун көбүн мекенге алып келдик. Айрыкча Мариуполь менен Азовсталда оор жарадар болуп, төшөктө жаткандарды алмаштырууга жетиштик. Алардын арасында Еленовская колониясындагы жарылуудан жаракат алган бир жоокерибиз бар»,- деди.

Россия менен Украинанын ортосунда туткун алмаштыруу акыркы жолу 29 -октябрда болгон жана 52 украиналык менен 50 орус жараны бошотулган.

 



Тектеш кабарлар