Бельгияда иш таштоо

Жалпы иш таштоодон улам транспорттун үзгүлтүккө учурашы күтүлүүдө.

1901954
Бельгияда иш таштоо

Бельгияда профсоюздар энергетика кризисине жана жашоонун кымбаттыгына нааразылык билдирип, 9-ноябрда өлкө боюнча иш ташташат.

Брюссель аэропорту 9-ноябрдагы каттамдардын 40 пайызга жакынын токтотту, анткени жалпы иш таштоодон улам транспорттун үзгүлтүккө учурашы күтүлүүдө.

Таасирленген жүргүнчүлөргө авиакомпаниялар тарабынан жеке маалымат берилет.

Саякатка чыга турчу жүргүнчүлөргө болсо жанында кол жүгүн гана алып жүрүү сунушталууда.

Бельгиянын статистикалык мекемесинин (Statbel) 28-октябрдагы көрсөткүчүнө караганда, октябрь айында бир жыл мурункуга салыштырмалуу жаратылыш газынын баасы 130,6 пайызга, электр энергиясынын баасы 84,7 пайызга өстү.

Өлкөдө инфляция 12,27 пайыз менен 1975-жылдан берки эң жогорку деңгээлге жетти.



Тектеш кабарлар