"Александриянын бир бөлүгү суу астында калышы мүмкүн"

Александриянын деңиз жээгинин жыл сайын 3 миллиметрге көтөрүлгөнү билдирилди.

1901531
"Александриянын бир бөлүгү суу астында калышы мүмкүн"

Египеттин экинчи чоң шаары Александриянын маанилүү бөлүгү жана порту, алдыдагы жылдарда глобалдык жылуулуктан улам суу астында калышы мүмкүн деп болжолдонууда.

«Аль Ахрам» гезитиндеги кабарда, өлкөнүн эң чоң портуна ээ болгон Александриянын көтөрүлүп жаткан деңиз суунун астында калышы мүмкүн экендиги эскертилди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык тобунун (IPCC) маалыматтарына көңүл бурган кабарда, 2050-жылы Александриянын үчтөн биринин суу астында кала турганы белгиленди.

Буга ылайык, 6 миллион калкы бар шаардан 1 миллион 500 миң кишинин көчүүгө аргасыз болушу мүмкүн экендиги, шаардагы байыркы экспонаттар жана тарыхый байлыктардын да чоң коркунуч алдында турганы айтылды.

Гезитте Александриянын деңиз жээгинин жыл сайын 3 миллиметрге көтөрүлгөнү баса белгиленип, Жер Ортолук деңизинин сууларынын 30 жылда бир метрге көтөрүлүшү мүмкүн экени маалымдалды.

Климат адистеринин, деңиз деңгээлинин бул жогорулашынан улам Нил дельтасы айланасындагы түшүмдүү жерлердин үчтөн биринин да жараксыз абалга келерин болжолдогондору белгиленди.



Тектеш кабарлар