Латвия өзгөчө абал режимин узартты
Латвия-Беларусь чек арасында мыйзамсыз миграциянын алдын алуу боюнча чечимди Ички иштер министрлиги бекитти.
1901219
Латвия Беларусь аркылуу кирген мыйзамсыз мигранттарга байланыштуу өзгөчө абал чечимин 10-февралга чейин узартты.
Өлкөнүн чыгыш чек арасында жайгашкан Лудза, Краслава, Аугсдаугава жана Даугавпилс муниципалитеттерин камтыган Латвия өкмөтүнүн өзгөчө абал режиминин мөөнөтү 10-ноябрда бүтүшү керек болчу.
Латвиянын Юстиция министрлигинин каршылыгына карабай чечим 10-февралга чейин узартылды.
Латвия-Беларусь чек арасында мыйзамсыз миграциянын алдын алуу боюнча чечимди Ички иштер министрлиги бекитти.
Өлкөнүн Орусия менен чектеш конуштарында да өзгөчө абал режими уланууда.