Мексикада жашыруун көрүстөндөн 47 адамдын сөөгү табылды

Окуя боюнча көп кырдуу иликтөө иштери башталды.

1900387
Мексикада жашыруун көрүстөндөн 47 адамдын сөөгү табылды

Мексиканын Гуанахуато аймагында жашыруун көрүстөндө жүргүзүлгөн издөөлөрдө 47 адамдын сөөгү табылды.

Мексика басма сөзүндөгү маалыматка караганда, Ирапуато шаарынын Санта-Фе районундагы кароосуз калган фермадагы жашыруун мүрзөдө адамдын сөөктөрү табылды.

Экспертизалардын жыйынтыгында казылган сөөктөрдүн 47 адамга таандык экени аныкталды.

Мамлекеттик Башкы прокуратуранын (FGE) билдирүүсүндө, сөөктөрдүн болжолдуу 1 жыл мурункуга таандык экени, окуя боюнча көп кырдуу иликтөө иштеринин башталганы айтылды.

Сөөктөр экспертиза үчүн Соттук-медициналык экспертиза институтуна жеткирилди. Аймакта казуу иштеринин болсо улана турганы кабарланды.



Тектеш кабарлар