Астероид Жерге коркунуч туудурууда

Астроном Скотт Шеппард, Жерге жакын 2 астероидди аныктагандарын жарыялады.

1900366
Астероид Жерге коркунуч туудурууда

Илимпоздор 8 жылдан ашык убакыттан бери байкалган эң коркунучтуу астероиддин Жер менен жолдору биригиши мүмкүн экенин эскертишти.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Карнеги институтунун Жер жана планеталар лабораториясынан астроном Скотт Шеппард, диаметри болжол менен 1,5 километр болгон «планета өлтүргүч» деп сыпатталган Жерге жакын 2 астероидди аныктагандарын жарыялады.

Шеппард бул астероиддердин "2022 AP7нин" гана Жерге коркунуч туудурган орбитада экенин билдирди.

"Планета өлтүргүч" астероиди мурда Жер менен Венеранын ортосунда жайгашкан жана ошондуктан аны аныктоо кыйын болгон. Ал эми астрономдор бул тармакты изилдөө үчүн Күн тарапты карашы керек. Жеймс Уэбб же Хаббл сыяктуу телескоптор оптикалык сезгичтигинен улам бул багытта колдонула албайт.

"2022 AP7" астероидинин качан коркунуч жаратаары болсо белгисиз.



Тектеш кабарлар