Индияда көпүрө кулады: 90 адам каза болду

Көпүрөнүн үстүндө 500гө жакын адам турган.

1899621
Индияда көпүрө кулады: 90 адам каза болду

Индиянын Гужарат облусунда көпүрөнүн урашынан улам дарыяга кулап кеткен жүздөгөн адамдын 90у каза болду.

Өлкөнүн батышындагы Морби кыштагында үстүндө 500гө жакын адам болгон асма көпүрө урап түштү.

Окуяда көпүрөдөгү жүздөгөн адамдар Макчу дарыясына кулап, алардын 90у каза тапты.

Гужарат полициясынын башчысы Ашиш Бхатиа издөө-куткаруу иштери башталганын жана көптөгөн адамдардын куткарылганын, бирок каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн экенин кабарлады.


Этикеткалар: #Индиянын Гужарат

Тектеш кабарлар