Блинкен Ван И менен сүйлөштү
АКШнын Мамлекеттик департаментинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, Блинкен менен Ван Инин эки өлкөнүн карым-катнаштарын сүйлөшкөндөрү айтылды.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кытайдын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү жана тышкы иштер министри Ван И менен телефон аркылуу сүйлөштү.
АКШнын Мамлекеттик департаментинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, Блинкен менен Ван Инин эки өлкөнүн карым-катнаштарын сүйлөшкөндөрү айтылды.
Билдирүүдө: «Блинкен эки өлкөнүн ортосундагы байланыш линияларын мындан ары да ачык кармап туруу жана АКШ-Кытай мамилесин жоопкерчиликтүү башкаруу зарылдыгын талкуулады. Ошондой эле Блинкен Орусиянын Украинага каршы согушун жана анын глобалдык коопсуздук жана экономикага тийгизген кесепеттерин күн тартибине койду»,-деп кабарланды.
Блинкендин кытайлык кесиптеши менен Гаитиде күчөп бараткан гуманитардык жана коопсуздук абалын да талкуулаганы айтылган билдирүүдө: «Блинкен Гаити элин колдоо үчүн координацияланган аракеттердин зарылдыгына көңүл бурду» деген сөздөр камтылды.