Орусия Украинадан дандын агып чыгышына жол ачкан келишимди токтотту

Орусиянын Коргоо министрлиги тараткан билдирүүдө кечээ «Киев британ адистеринин катышуусунда Кара деңиз флотунун кемелерине жана дан коридорунун коопсуздугун камсыздоого катышкан жарандык кемелерге каршы террордук акт жасалганы» айтылды.

1899500
Орусия Украинадан дандын агып чыгышына жол ачкан келишимди токтотту

 

Орусиянын Коргоо министрлиги дандын Украинадан агып чыгышына жол берген келишимди токтотту.

Министрлик тараткан билдирүүдө кечээ «Киев британ адистеринин катышуусунда Кара деңиз флотунун кемелерине жана дан коридорунун коопсуздугун камсыздоого катышкан жарандык кемелерге каршы террордук акт жасалганы» айтылды.

Билдирүүдө, «Террордук актыны эске алып, орус тарап Украинанын портторунан айыл чарба азыктарын чыгаруу боюнча келишимдерди ишке ашырууга катышууну токтотту»,делди.

Орусиянын Коргоо министрлиги кечээ күнү аннексияланган Крымдагы Севастополь шаарында орусиялык согуштук жана жарандык кемелерге Украина кол салганын билдирген.

Билдирүүдө кол салууда көп сандаган учкучсуз учуучу аппараттын колдонулганы жана бардыгынын жок кылынганы белгиленип, кол салууга дуушар болгон Кара деңиз флотунун кемелеринин дан келишиминин масштабында чек ара ичинде түзүлгөн коридордун коопсуздугун камсыздоо процессине катышканы белгиленди.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги да Украинадан дан азыктарын чыгаруу келишимин белгисиз мөөнөткө токтотконун билдирип, орус тараптын коридордон өткөн жарандык кемелердин коопсуздугуна мындан ары кепилдик бере албастыгын жарыялады.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, кечээ Украина куралдуу күчтөрүнүн Украинанын айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо үчүн «Кара деңиз демилгеси» тиркемесинин алкагында түзүлгөн гуманитардык коридорго жамынып алып Орусиянын Кара деңиз флотунун Севастополдогу деңиз базасындагы кемелерине жана инфраструктурасына учкучсуз учуучу аппараттар менен массалык түрдө аба жана деңизге кол салуулар болгону белгиленди.

Билдирүүдө британ адистери баштаган Украина куралдуу күчтөрүнүн сөз болуп жаткан гуманитардык коридордун иштешин камсыздаган орус кемелерине каршы «террордук аракеттерине» байланыштуу Орусиянын чечим чыгарганы белгиленип: «Орус тарап Кара деңиз демилгесине катышкан жарандык кургак жүк ташуучу кемелердин коопсуздугуна кепилдик бере албайт жана бүгүндөн тарта келишимди ишке ашырууну белгисиз мөөнөткө токтотот», делди.

Билдирүүдө Стамбулдагы украин тамак-ашынын ташылышын көзөмөлдөгөн Биргелешкен координациялык борбордогу орус өкүлдөрүнө да керектүү көрсөтмөлөр берилгени белгиленди.



Тектеш кабарлар