Кытай "Чиан - 20С" спутниигн космоско учурду

Учуруу Long March ракеталары менен ишке ашырылган 445- ийгиликтүү транспорттук миссия болду.

1899387
Кытай "Чиан - 20С" спутниигн космоско учурду

Кытай космоско илимий эксперименттер жана жерди деталдуу байкоолор үчүн арналган "Чиан" классындагы Жерди байкоо спутнигин жиберди. Синьхуа агенттигинин кабарына караганда «Чиан-20С» спутниги Гоби чөлүндөгү Циучуэн спутник борборунан Long March-2D ракетасы менен учурулду. Спутник учурулгандан кийин пландалган орбиталык позицияга орношкондугу билдирилди. Маалыматтарга караганда, аты кытайча "эксперимент" дегенди билдирген спутник космос чөйрөсүн байкоо үчүн орбиталык технологияларды сыноо үчүн колдонулат. Учуруу Long March ракеталары менен ишке ашырылган 445- ийгиликтүү транспорттук миссия болду.



Тектеш кабарлар