Росатом өзөктүк отун симуляторлорунун Аккую атомдук станциясына жөнөтүлгөнджүгүн билдирди

Аккую АЭСинин биринчи энерго блогу үчүн алгачкы өзөктүк отундун 2023 - жылы жөнөтүлүшү пландалганы белгиленди.

1899157
Росатом өзөктүк отун симуляторлорунун Аккую атомдук станциясына жөнөтүлгөнджүгүн билдирди

Россиянын  Атомдук энергия боюнча мамлекеттик агенттиги Росатом өзөктүк отун симуляторлорунун Аккую атомдук станциясына (NGS) сыноо үчүн Түркияга жөнөтүлгөнүн жарыялады.

 Мерсинде Аккую АЭСинин биринчи энергия блогу үчүн колдонула турган өзөктүк отун симуляторлорун сыноо үчүн жөнөтүлгөндүгүн белгилеген Росатом бүгүнкү билдирүүсүндө : "Сибирдеги Новосибирск химиялык концентрат заводунда чыгарылган отун симулятору менен бирге реакторду башкаруу жана коргоо үчүн башкаруу штангасынын моделдери жана өзөктүк отунду көзөмөлдөө үчүн керектүү шаймандар Түркияга жөнөтүлдү», - деп айтылды. 

Росатом жаңы күч энергия  блок ишке кирердин алдында станциянын негизги системаларын сыноо үчү отун симуляторлору жана башкаруу штангалары реактордун өзөгүнө жүктөлөрүн жана андан кийин бошотуларын билдирди. 

Аккую АЭСинин биринчи энерго блогу үчүн алгачкы өзөктүк отундун 2023 - жылы жөнөтүлүшү пландалганы белгиленди.

 

 



Тектеш кабарлар