Иракта жаңы өкмөт

Жаңы өкмөткө ишеним добушу берилди.

1898909
Иракта жаңы өкмөт

Иракта Мухаммед Шия Аль Судани башында турган жаңы өкмөт парламенттен ишеним добушун алды.

Парламенттеги жыйында жаңы өкмөткө ишеним добушу берилди.

Судани тарабынан түзүлгөн кабинеттеги 23 министрден 21и ишеним добушун алса, күрт партияларынын ортосундагы пикир келишпестиктерден улам кайра куруу жана жайгаштыруу министри менен айлана-чөйрөнү коргоо министрине ишеним добушу бериле алган жок.

Ал арада Коргоо министрлигине түркмөн тектүү Сабит Аббаси шайланды.

Жаңы министрлер парламентте ант берип, өз милдеттерин аткарууга киришти.


Этикеткалар: #ишеним добушу

Тектеш кабарлар