Япония АКШнын «Томагавк» канаттуу ракеталарын сатып алат

Япон өкмөтү Кытайдын аймактагы аскерий таасиринин күчөшүнө жана Түндүк Кореянын коркунучтуу ракета сыноолоруна чечим издеп жатат.

1898995
Япония АКШнын «Томагавк» канаттуу ракеталарын сатып алат

Япония коргонуу жана бөгөт коюу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында АКШнын «Томагавк» канаттуу ракеталарын сатып алууну максат кылууда.

Япон өкмөтү Кытайдын аймактагы аскерий таасиринин күчөшүнө жана Түндүк Кореянын коркунучтуу ракета сыноолоруна чечим издеп жатат.

Япониянын мамлекеттик NHK телеканалынын билдиргенине караганда, япон өкмөтү АКШдан «Томагавк» канаттуу ракеталарын сатып алууну пландаштырууда.

Орто аралыкка жана деңизден учурулган «Томагавк» канаттуу ракеталары менен өз аймагындагы душман ракеталарын жок кылуу мүмкүнчүлүгүнө жетишүү максатталууда.

Сатып алынгандан кийин Томагавктар Япониянын деңиздик өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн (MSDF) карамагында өзгөртүлүүчү эсминецтерге орнотулат.

Кабарда Япониянын дагы деле өнүктүрүп жаткан өзүнүн улуттук "standoff" ракеталарын 2026-жылга чейин ишке киргизүүнү максат кылганы маалымдалды.

«Tomahawk» сатып алуу кадамынын, Кытай жана Түндүк Кореянын ыктымалдуу аймактык коркунучтарына каршы бул баскычта бөгөт болуу мүмкүнчүлүгүн арттырары белгиленди.



Тектеш кабарлар