Балдар, климаттык кризис жана жакырчылык

Британиянын гуманитардык жардам уюму Save the Children менен Бельгиянын Вриже университети 54 миң баланын пикирлерин топтогон отчетун жарыялады.

1898863
Балдар, климаттык кризис жана жакырчылык

Дүйнө жүзү боюнча балдардын үчтөн бир бөлүгү катаал климаттык кризистин жана жакырчылыктын кесепеттерине туш болууда.

Британиянын гуманитардык жардам уюму Save the Children менен Бельгиянын Вриже университети 54 миң баланын пикирлерин топтогон «Үмүт мууну: глобалдык климаттык кризисти токтотуу үчүн 2,4 миллиард себеп» аттуу отчетун жарыялады.

Отчетко ылайык, дүйнө жүзү боюнча 774 миллион бала, жок эле дегенде бир экстремалдык климаттык окуядан жабыркайт.

Түштүк Судан климаттык кризистен да, жакырчылыктан да өзүн коргой албагандыктан, балдар эң көп коркунучка кабылган өлкөлөрдүн бири.

Түштүк Судандагы балдардын 87 пайызы ушул эки кризистин таасирин сезсе, бул өлкөдөн кийин 85 пайыз менен Борбордук Африка Республикасы жана 80 пайыз менен Мозамбик турат.

Жакырчылык жана климаттык кризистеги балдардын саны эң көп өлкө 223 миллион бала менен Индия, андан кийин 58 миллион бала менен Нигерия жана 36 миллион бала менен Эфиопия.

Бай өлкөлөрдө 28 миллион баланын жана кирешеси жогору өлкөлөрдө 121 миллион баланын ушул эки көрүнүш менен бетме-бет келгени белгиленген отчетко караганда, бул балдардын бештен экиси б.а болжол менен 12 миллиону АКШда жана Англияда жашайт.

Бул эки фактыдан тышкары дүйнөдө 183 миллион бала да кагылышуу коркунучу алдында турат.

Брундидеги балдардын 63 пайызы, Ооганстандагы балдардын 55 пайызы жана Борбордук Африка Республикасындагы балдардын 41 пайызы үч коркунучка тең туш болушууда. Отчетто климаттык кризис жана теңсиздиктин бул көйгөйлөрдү күчөтүп жатканы айтылууда.



Тектеш кабарлар