Грециядагы 29-октябрь кечесине коркутуу телефону

Башкы консулдук кеченин 29-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 13.00-15.00дө Башкы консулдуктун бакчасында болорун жарыялады.

1898701
Грециядагы 29-октябрь кечесине коркутуу телефону

Түркиянын Комотинидеги башкы консулдугу, шаарда 29-октябрь кечеси уюштурула турган мейманкананын кызматкерлери коркутулгандан кийин кеченин дарегинин өзгөртүлгөнүн билдирди.

Башкы консулдуктун Твиттер баракчасынан берилген маалыматка караганда, 29-октябрь Республика майрамына карата (Түркия Республикасынын түптөлүшү) бир мейманкана менен сүйлөшүлүп кечеге чакыруулар таратылды.

Аталган мейманкананын кызматкерлери кечээ Башкы консулдукка барып, телефон аркылуу коркутулуп жатканын жана ушудан улам коопсуздук маселеси жаралышы мүмкүн деп экенин билдиришти.

Мейманкананын кызматкерлери 28-октябрда “техникалык себептерден” улам мейманкананы бөлүп бере албастыгын ошол эле күнү Башкы консулдукка кат түрүндө кабарлашты.

Ушул алкакта Башкы консулдук Республика күнүнө карата кеченин датасын, ордун жана убактысын өзгөртүү зарылдыгын билдирди; кеченин 29-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 13.00-15.00дө Башкы консулдуктун бакчасында болорун жарыялады.



Тектеш кабарлар