Түштүк Суданда сел жүрдү

Селдердин 2 миллиондон ашуун кишиге тескери таасир тийгизгендиги билдирилди.

1897685
Түштүк Суданда сел жүрдү

Түштүк Суданда болгон селдердин 2 миллиондон ашуун кишиге тескери таасир тийгизгендиги билдирилди. 

Маалымат министри Майкл Макуэй Лует өлкөдөгү 10 штаттын 8нин суу астында калганын, 2 миллиондон ашык адамдын үйлөрүн таштап кетүүгө жана жашоо каражаттарынан ажыроого мажбур болгондугун айтты. 

Бириккен Улуттар Уюму учурда калкынын 65 пайызынын азык - түлүк коопсуздугу жок өлкөгө чукул жардам берүүгө чакырды.

Жылдын башыан бери өлкөдө таасирдүү болгон жаан  - чачын, жарандык согуштан улам убактылуу лагерлерде жашай баштаган үй  -  бүлөлөр да жабыркады.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, 12 миллион калктуу өлкөдө жарандык согуштан улам үй - жайын таштап кеткендердин саны 2 миллион 200 миңге, ал эми коңшу өлкөлөргө баш калкалагандардын саны 2 миллион 300 миңге жетти. 

 

 



Тектеш кабарлар