Иранда 70 жылдан кийин жуунган адам каза болду

Картаң адам жуунгандан бир канча айдан кийин ооруп жекшемби күнү 94 жашында каза болду.

1898167
Иранда 70 жылдан кийин жуунган адам каза болду

Иранда  70 жылдан кийин биринчи жолу жуунган адам каза болду.

Фарс аймагындагы Ферашбенд шаарына караштуу Дежрах айылында тазалана турган болсо ооруп каларына ишенген жана 70 жылдан бери жуунбаган «Ажы байке» лакаптуу 94 жаштагы адам жуунгандан кийин каза болду.

Аймак калкы абалына сый көрсөткөн адамдын жууна турган болсо жана таза боло турган болсо ооруп каларына ишенгендиктен суудан алыс тургандыгы билдирилди.

Бир канча ай мурда айылдын жаштары жуунтууну каалаган картаң адам абалды абйкап качып кеткен бирок көпкө созулган аракеттерден кийин жуунууга көндүрүлдү. Бирок картаң адам жуунгандан бир канча айдан кийин ооруп жекшемби күнү 94 жашында каза болду. Өмүрүндө үйлөнбөгөн жана Өмүр бою үйлөнбөй, айылдаштары куруп берген эшиги жок алачыкта отурган карыя сууга түшпөстөн, таза тамак-аштан оолак болуп, ден соолугуна зыян келтирбей жашап келгени айтылат.



Тектеш кабарлар