Дүйнөдө аба жолдорунун жүргүнчүлөрү 69 пайызга өстү
Луис Фелипе де Оливейра биринчи 6 айда аба жолу менен саякатка чыккан жүргүнчүлөрдүн санынын 3 миллиардга жеткенин билдирди.
1897905
Дүйнөдө жылдын биринчи 6 айында аба жолун колдонгон жүргүнчүлөрдүн санында 69 пайыздык өсүү болду.
Марокконун борбору Марракеште 22-28-октябрда өткөрүлгөн Эл аралык аэропорттор кеңешинин (ACI) жылдык конгрессинде сүйлөгөн сөзүндө Кеңештин төрагасы Луис Фелипе де Оливейра биринчи 6 айда аба жолу менен саякатка чыккан жүргүнчүлөрдүн санынын 3 миллиардга жеткенин билдирди.
Оливейра бул өсүүнүн коронавирус (Ковид-19) пандемиясынан улам 2 жылдык чектөөлөрдөн кийин болгонун белгиледи.
Аба жолун колдонгон жүргүнчүлөрдүн жылдын биринчи жарымында 69 пайызга өскөнүн айткан Оливейра, жыл соңуна карата божомолун болсо: «Жылдын аягына чейин дүйнө боюнча жүргүнчүлөрдүн саны 6 миллиард 800 миллионго жетиши мүмкүн»,-деди.