Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын ортосундагы чыңалуу

Түштүк Кореянын Башкы штабы, Түндүк Кореянын соода кемесинин эки өлкөнүн ортосундагы деңиз чек арасын бузганын билдирди.

1896584
Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын ортосундагы чыңалуу

Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын ортосунда аймактык суулардын бузулушуна байланыштуу чыңалуу болуп жатат.

Түштүк Кореянын Башкы штабы, Түндүк Кореянын соода кемесинин эки өлкөнүн ортосундагы деңиз чек арасын бузганын билдирди.

Деңиз күчтөрүнүн кемени рация аркылуу аймактан чыгып кетүүгө чакырганы, андан кийин эскертүүчү ок атканы белгиленди.

Түндүк Корея да Түштүк Кореяга таандык деңиз кемесинин аймактык сууларын бузганын жарыялап, бул боюнча эскертүүчү ок атылганын кабарлады.

Эки өлкөнүн ортосунда эч кандай кагылышуу болгон жок.

Акыркы апталарда Түндүк Кореянын өзөктүк сыноолорунан улам эки өлкөнүн ортосундагы чыңалуу күчөдү.



Тектеш кабарлар