Израиль Украинага курал-жарак бербейт

Ганц украиналык кесиптеши Алексей Резников менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1896941
Израиль Украинага курал-жарак бербейт

Израилдин коргоо министри Бенни Ганц операциялык чектөөлөрдөн улам Украинага курал бербей тургандарын, бирок жарандардын өмүрүн сактап кала турган эрте эскертүүчү система менен камсыз кыла ала тургандарын айтты.

Израилдин Коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Ганц украиналык кесиптеши Алексей Резников менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү «позитивдүү» өттү.

Сүйлөшүүдө Резников Ганцка Украинадагы согушка байланыштуу акыркы абал тууралуу маалымат берди.

Ганц болсо согушта адамдардын каза болушуна жана гуманитардык кризиске капа болгонун айтып, Израилдин украин элинин жана Батыштын жанында экенин баса белгиледи, ошондой эле өлкөсүнүн Украинага гуманитардык жардам жана адам өмүрүн сактап калуучу коргонуу шаймандары менен камсыз кылуу милдеттенмесин кайталады.

Израилдин коргоо министри да өлкөсүнүн операциялык чектөөлөрүн баса белгилеп, Израилдин Украинага курал бербей турганын айтты.

Билдирүүдө эки министрдин Израилдин Украинага жарандардын өмүрүн сактап кала турган эрте эскертүүчү система менен камсыз кылуусу үчүн жакынкы келечекте профессионалдуу диалогду жана байланышты улантууну макулдашкандары да белгиленди.



Тектеш кабарлар