Зеленский Ирандын Орусияга учкучсуз учуучу аппараттарды бергенин айтты

Владимир Зеленский канадалык басма сөзгө берген маегинде күн тартиби боюнча билдирүү жасады.

1896404
Зеленский Ирандын Орусияга учкучсуз учуучу аппараттарды бергенин айтты

Украинанын президенти Владимир Зеленский Ирандын Орусияга учкучсуз учуучу аппараттарды бергенин айтып, Тегеран бийлигине ишенбей турганын айтты.

Владимир Зеленский канадалык басма сөзгө берген маегинде күн тартиби боюнча билдирүү жасады.

Зеленский Орусиянын акыркы кездери Ирандан сатып алган жанкечти тибиндеги учкучсуз учуучу аппараттары ​​менен Украинанын шаарларына кол салганын айтып, бул колдоолордон улам Иран башкаруусуна ишенбей турганын айтты.

Зеленский: «Биринчиден, биз өзүбүздү жалгандан коргошубуз керек. Мен жеке Иран жетекчилигине ишенбейм. Айтайын дегеним, мен иран элин айтып жаткан жокмун. Мен Иран жетекчилигинин өзүн айтып жатам», - деди.

Зеленский ошондой эле 2020-жылы Иранда Украинага таандык жүргүнчү учагы атып түшүрүлгөнүн жана бул окуядан кийин Иран режими адегенде аны четке кагып, кийин моюнга алганын эске салды.

Өзүнүн маегинде Зеленский Орусия менен сүйлөшүүлөрдү кайра жандантуу мүмкүнчүлүгү тууралуу суроого да жооп берип: «Сүйлөшүүнү кааласа, жерибизди кайтарып бериши мүмкүн жана биздин жерибизден чыгып, 1991-жылы эл аралык коомчулук тааныган чек арага кайтып келиши керек. Анан ким менен кандай форматта сүйлөшүүнү каалай турганыбызды айтабыз»,-деди.

«Орусиянын негизги максаты биздин энергетикалык системабызга сокку уруу, алардын максаты элди электр жарыгысыз калтыруу»,-деп айткан украин лидери ошондой эле орус күчтөрү жай тургундарды бутага алганын билдирди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар