Сомалиде мейманканага кол салуу болду
Коопсуздук күчтөрү менен кол салгандардын ортосунда кагылышуу уланууда.
1896433
Сомалинин Кисмайо шаарында мейманканага кол салуу болуп, жарылуулар угулганы кабарланды.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, шаардагы "Тавакал" деп аталган мейманканада жардыруулардын үнү угулуп, андан соң кол салгандар мейманканага киришкен.
Коопсуздук күчтөрү менен кол салгандардын ортосунда кагылышуу уланууда.
Кол салуу үчүн жоопкерчиликти террордук уюм Эш-Шабаб алды.