Орусиянын Украинадагы аскердик кыймылдары

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков борбор шаар Москвада 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушуна байланыштуу билдирүү жасады.

1896464
Орусиянын Украинадагы аскердик кыймылдары

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Украинанын Аскердик аба күчтөрү учактар ​​үчүн 100 миң тоннадан ашык күйүүчү майы бар цистернаны жок кылганын билдирди.

Игорь Конашенков борбор шаар Москвада 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушуна байланыштуу билдирүү жасап, «Күндүз Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын аскерий башкаруу жана энергетика системаларына алыс аралыкка атуучу жогорку тактыктагы куралдар менен сокку уруусун улантты. Аныкталган объектилердин бардыгы жок кылынды»,-деди.

Украин армиясынын Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон аймактарына карай баштаган кол салууларынын уланып жатканын, бирок орус армиясынын бул кол салуулардын мизин майтарганын белгилеген Конашенков, бүгүнкү кагылышууда 200дөн ашуун украин аскеринин каза болгонун айтты.

Орус ракеталарынын Украина үчүн өтө маанилүү объектилерге тийгенин кошумчалаган Конашенков: «Черкасск облусунда Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн учактары үчүн 100 миң тоннадан ашык күйүүчү май сакталган цистерна жок кылынды. Мындан тышкары, америкалык HIMARS көп стволдуу ракета аткычтар системасынын 6 ракетасы жана HARM анти-радардык ракетасы жок кылынды. Херсон жана Луганск аймактарындагы радар ракеталары абадан жок кылынды»,-деди.

Украина армиясынын Запорожье атомдук станциясына кол салууларынын уланып жатканын белгилеген Конашенков:«Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн артиллериясы бир сутка ичинде Энергодар шаарынын чыгышынан АЭС менен чектеш аймакка 30дан ашык артиллериялык аткылоо жүргүздү»,-деди.

Орус басма сөз катчысы аймактагы радиациянын деңгээли нормалдуу экенин жана жабыркагандар жок экенин билдирди.



Тектеш кабарлар