Зеленский : "Куралдуу  күчтөрүбүз демилгени  колго алууда"

Украин күчтөрүнүн Херсон багытында орус аскерлерине каршы ийгиликтүү операцияларды жүргүзгөнүн белгилеген украин лидери аталган аймакта жайгашкан украин аскерлерине ыраазычылык билдирди.

1896189
Зеленский : "Куралдуу  күчтөрүбүз демилгени  колго алууда"

Украинанын президенти  Владимир Зеленский  өлкөнүн чыгыш жана түштүк аймактарында орус бөлүктөрүнө каршы кагылышуулардын уланып жаткандыгын белгилеп : "Куралдуу  күчтөрүбүз демилгени  колго алууда",- деди. 

Зеленский  Telegram эсебинен берген видео билдирүүсүндө өлкөсүндө  24 -  февралдан бери Россияга каршы улантылып жаткан согуш тууралуу абалдарга баа берди. Орус күчтөрүнүн өлкөсүнө карата кечээ да учкучсуз учуучу аппараттар жана учактар менен кол салгандыгын белгилеген Зеленский : "Бүгүн (кечээ) күндүз Украинанын көпчүлүк аймактарында аба соккулары тууралуу эскертүүлөр берилди. Учкучсуз учактар ​​жана душмандын учактары жок кылынды. Украинанын чыгышында жана түштүгүндө активдүү согуштук аракеттер уланууда. Биздин куралдуу күчтөр демилгени колго алууда",- деди.

Украин күчтөрүнүн Херсон багытында орус аскерлерине каршы ийгиликтүү операцияларды жүргүзгөнүн белгилеген украин лидери аталган аймакта жайгашкан украин аскерлерине ыраазычылык билдирди.

 



Тектеш кабарлар