Иран : "АКШ менен маалымат алмашуу улантылууда"

Ирандын тышкы иштер министри Хусейин Эмир Абдуллахиян, өзөктүк келишим боюнча АКШ  менен маалымат алмашуунун уланып жатканын билдирди.

1896291
Иран : "АКШ менен маалымат алмашуу улантылууда"

Ирандын тышкы иштер министри Хусейин Эмир Абдуллахиян, өзөктүк келишим боюнча АКШ  менен маалымат алмашуунун уланып жатканын билдирди.

Ирандын расмий IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, Абдуллахиян Арменияга сапары учурунда Вашингтон администрациясынын өзөктүк сүйлөшүүлөр күн тартибинде жок деген билдирүүлөрүнө байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Абдуллахиян АКШнын билдирүүлөрүндө жана иш-аракеттеринде «карама-каршы кыймыл-аракеттерди» көрсөткөнүн айтып : "3 күн мурда АКШдан бир маалымат алдык. Ага жооп катары агенттиктеги (Эл аралык өзөктүк энергетика агенттиги) айыптоолордун чечилиши керектигин айттык. АКШ өзөктүк келишим үчүн шашып жатат. АКШлыктардын мамилеси жана сөздөрү каама - каршы келүүдө. АКШ менен арабыздагы маалымат алмашуу улантылууда",- деди. 

Вашингтон башкаруучулугунун «психологиялык жана саясий кысым көрсөтүү аркылуу сүйлөшүүлөрдө упай топтоо аракетин» жасаганын, айрыкча Ирандагы нааразылык акцияларын колдонуп жатканын билдирген Абдуллахиян: "АКШ тарабына кандайдыр бир жеңилдик берүү менен сүйлөшпөйбүз",- деди. 

АКШнын Иран боюнча атайын өкүлү Роберт Малли 17-октябрдагы билдирүүсүндө Иран менен 2015 - жылдагы өзөктүк келишимди кайра жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөр Тегерандын талаптарынан улам туңгуюкка кептелгенин жана маселенин азыркы учурда күн тартибинде эмес экендигин   билдирген. 

 



Тектеш кабарлар