Ляйен: "Орусиянын Украинадагы чабуулдары террордук акт"

Фон дер Ляйен 20-21-октябрда Франциянын Страсбург шаарында чогулган Европарламенттин Башкы ассамблеясында ЕБ лидерлеринин саммити тууралуу сөз сүйлөдү.

1894829
Ляйен: "Орусиянын Украинадагы чабуулдары террордук акт"

Европа Биримдиги (ЕБ) комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен ,Орусиянын Украинадагы жарандык инфраструктурага кол салууларынын “террордук акт” экенин айтты.

Фон дер Ляйен 20-21-октябрда Франциянын Страсбург шаарында чогулган Европарламенттин Башкы ассамблеясында ЕБ лидерлеринин саммити тууралуу сөз сүйлөдү.

Фон дер Ляйен өз сөзүндө Орусиянын Украинадагы жарандык инфраструктурага, өзгөчө электр линияларына багытталган чабуулдарды жасаганын белгилеп: "Булар согуш кылмыштары болуп эсептелет. Кыш мезгилинде элдин суу, электр энергиясы жана жылуулук сыяктуу объектилерин өчүрүү максатында жарандык инфраструктураны бутага алган кол салуулар толугу менен террордук акт болуп саналат. Муну ушундай деп аташ керек",-деди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский кечээки билдирүүсүндө, 10-октябрга карата орус күчтөрүнүн кол салууларынан электр станцияларынын 30 пайызы талкаланганын, натыйжада электр энергиясы кеңири өчүрүлгөнүн кабарлаган.

 



Тектеш кабарлар