Германия-Кытай мамилелери

Анналена Баербок борбор калаа Берлинде Коербер фонду уюштурган тышкы саясат форумунда сөз сүйлөдү.

1894602
Германия-Кытай мамилелери

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок, өлкөсүнүн Орусия менен экономикалык көз карандылык мамилесинин Кытай менен кайталанбашы керектигин айтты.

Анналена Бербок борбор калаа Берлинде Коербер фонду уюштурган тышкы саясат форумунда сөз сүйлөп, өлкөсүнүн «диктатордук режимдер менен системалар атаандаштыгына» даяр болушу керектигин баса белгиледи.

Орусия менен акыркы мамилелерде кетирилген каталардан сабак алуу зарылдыгына көңүл бурган Бербок: «Германия чыгыш европалык өнөктөштөрүнүн Орусиянын энергетикасына көз карандылыгы тууралуу эскертүүлөрүнө көңүл бурбай койду. Биз мындай катачылыкты кайталабашыбызга кепилдик беришибиз керек. Бул да Кытайга карата саясатыбызда муну ишенимдүүрөөк эске алышыбыз керек дегенди билдирет»,-деди.

Германиянын канцлери Олаф Шольц өткөн аптада өлкөсүндө катышкан бизнес-форумда Кытай менен атаандашууда “экономикалык байланыштарды үзүүнүн” туура эмес мамиле болорун айткан.



Тектеш кабарлар