Эстония: "Орусия террордук мамлекет"

Ушундайча Литва менен Латвиядан кийин Эстония Орусияны террористтик мамлекет деп жарыялаган үчүнчү Балтика парламенти болду.

1894559
Эстония: "Орусия террордук мамлекет"

Эстониянын парламенти (Риигикогу) Орусияны “террористтик мамлекет” деп атады.

Парламенттин билдирүүсүндө: "Эстония парламенти, Украин парламентинин жана эл аралык уюмдардын чакырыгын колдоп, орус режимин жана Орусия Федерациясын терроризмдин мамлекеттик демөөрчүсү деп жарыялайт",-деген сөздөр камтылды.

Билдирүүдө эл аралык коомчулуктун да ушундай чечимдерди кабыл алуусу үчүн чакырык айтылды.

Ушундайча Литва менен Латвиядан кийин Эстония Орусияны террористтик мамлекет деп жарыялаган үчүнчү Балтика парламенти болду.

101 депутаттын 88и токтомду колдосо, 10 депутат добуш берүүгө катышпай, 3 депутат калыс калды.



Тектеш кабарлар