Олаф Шольц атомдук станцияларды иштетүү жолдомосун берди

Германиянын премьер  - министри Олаф Шольц өлкөсүнүн калган  3 атомдук станциясын апрель айынын ортосуна чейин иштетүүнү тапшырды.

1894168
Олаф Шольц атомдук станцияларды иштетүү жолдомосун берди

Германиянын премьер  - министри Олаф Шольц өлкөсүнүн калган  3 атомдук станциясын апрель айынын ортосуна чейин иштетүүнү тапшырды. 

Чечим Украинада 24 -  февралдан бери болуп келе жаткан согуштан улам Россиядан келген күйүүчү майдын үзгүлтүккө учурашынан улам ыктымалдуу энергетика кризисин алдын алуу максатында чыгарылды. Премьер  - министр Шольцтун кеңсеси чечимди Министрлер кеңешине кат жиберүү менен жарыялады. 

Немис өкмөттөрү коопсуз жана кайра жаралуучу энергияга өтүү үчүн өлкөнүн өзөктүк энергияны колдонууну жылдын аягына чейин токтотууга убада беришкен. Бирок Россиядан Европага жаратылыш газ өткөрүүдө үзгүлтүккө жол ачкан Украинадагы согуш Германияны мурдагы көмүр жана мунай электр станцияларын кайра иштетүүгө түрттү.

 



Тектеш кабарлар