Израиль күчтөрү 15 палестиналыкты камакка алды

Палестинанын рамий агенттиги WAFAда орун алган кабарга караганда Израиль күчтөрү Чыгыш Кудстун Аната жана Бейт Ханина аймактары менен Шуафат качкындар лагеринде тинтүү жүргүздү.

1894337
Израиль күчтөрү 15 палестиналыкты камакка алды

Израиль күчтөрү басып алган Чыгыш Кудста 10, Батыш Шериада 5 палестиналыкты камакка алды.

Палестинанын рамий агенттиги WAFAда орун алган кабарга караганда Израиль күчтөрү Чыгыш Кудстун Аната жана Бейт Ханина аймактары менен Шуафат качкындар лагеринде тинтүү жүргүздү.

Израилдик күчтөр Шуафат качкындар лагеринде аялдар да болгон 7 кишини, Аната шаарында 2 кишини, Бейт Ханина шаарында 16 жаштагы палестиналык баланы кармады.

Израил полициясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Чыгыш Кудстагы камоолордун 8-октябрда Шуафат качкындар лагеринде Израил күчтөрүнө кол салууга шектелген Удей Тамимиге жардам бергени себептүү болгону белгиленди.

Бир тараптан да  Израиль армиясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Рамалла шаарынын Кубер, Бейт Сира шаарчалары жана Селазун качкындар лагеринде 3 палестиналыктын кармалгандыгы маалымдалды.

Женин шаарынын Кабатие шаарчасында жана Жерихо шаарына жакын Эд-Дюк айылында жүргүзүлгөн тинтүүдө 2 киши кармалганы билдирилди. Билдирүүдө кармалган палестиналыктардын террор кылмыштары үчүн издөөдө экени айтылды.

Басып алынган Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста  тез-тез тинтүү жүргүзгөн Израил күчтөрү палестиналыктарды түрдүү айыптоо менен камоодо. Ушундан  улам палестиналыктар менен Израил аскерлеринин ортосунда тинтүүлөргө каршы окуялар болууда.

 

 



Тектеш кабарлар