Германияда учкучтар иш таштады
Өлкөнүн ири аэропортторунда көптөгөн каттамдар токтотулду.
Германиянын Lufthansa авиакомпаниясына караштуу Eurowings авиакомпаниясынын учкучтарынын кечээ түн жарымында баштаган жана үч күнгө созулушу пландалган иш таштоодон улам өлкөнүн ири аэропортторунда көптөгөн каттамдар токтотулду.
Дюссельдорф аэропортунда кечээ пландалган 160 каттамдын 84үнүн жана Кельн/Бонн аэропортунан 63 каттамдын 35инин токтотулгандыгы белгиленди.
Штутгарт, Мюнхен жана Гамбург аэропортторунда да каттамдар токтотулуп, Eurowings билетин алган бир нече жүргүнчүнүн билеттерин алмаштырууга туура келгени маалымдалды.
Учкучтар мүчө болгон Vereinigung Cockpit (VC) профсоюзу бул иш таштоонун натыйжасында жумушчулар үчүн жакшы шарттарга жетишүүнү каалайт.
Eurowings жетекчилиги жылына 10 кошумча эс алуу күнүн сунуштап, профсоюз мунун кеминде 14 күн болушун талап кылууда.
Eurowings башкаруусу ачык катта дүйшөмбү күнү эки орундуу миллион еврого чыгым болгон иш таштоонун каржылык кесепеттери тууралуу эскертип, иш таштоо улантыла турган болсо сунуштарын кайтарып аларын эскертти. Кечээ башталган учкучтардын иш таштоо кыймылынын 19 - октябрь саат 23:59га чейин улантылышы күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Орусия Новокалиновону көзөмөлгө алды
Орус армиясынын Украинадагы чабуулдары тууралуу маалымат берилди.