Салливан Жо Байдендин ОПЕК+тобу жана Сауд Атабиясы боюнча мамилесин бөлүштү

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан CNN телеканалынын «Биримдиктин абалы» программасына маек берди.

1893720
Салливан Жо Байдендин ОПЕК+тобу жана Сауд Атабиясы боюнча мамилесин бөлүштү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден ОПЕК+ тобунун ноябрь айынан тарта мунай өндүрүүнү кыскартуу чечимине байланыштуу Сауд Арабиясы менен мамилени кайра карап чыгууда шашылбайт жана «методикалык» мамиледе болот.

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан CNN телеканалынын «Биримдиктин абалы» программасына берген маегинде: «Президент шашылыш аракет кылбайт. Ал методикалык, стратегиялык иш-аракет кылат жана Конгресстеги эки партиянын тең мүчөлөрү менен кеңешүүгө убакыт бөлөт»,-деп айтты.

Байдендин конгресс мүчөлөрү менен бетме-бет отуруп, варианттарды талкуулай турганын белгилеген Салливан, ОПЕК+ чечиминен улам Сауд Арабияга бериле турган жооптордун арасында АКШнын коопсуздук жардамында өзгөрүүлөр болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Жейк Салливан, Байдендин келерки айда Индонезияда өтө турган Чоң жыйырмалыктын саммитинде Сауд Арабиянын мураскор канзаадасы Мухаммед бин Салман менен жолугушууну пландабаганы тууралуу маалыматын да бөлүштү.

Чоң жыйырмалыктын саммити Индонезиянын Бали аралында 15-16-ноябрда өтөт.

Байден мураскор канзаада Бин Салман менен акыркы жолу 15-июлда Жиддадагы Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешинин жыйынында жолуккан.

Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюму (ОПЕК) менен ОПЕКке кирбеген кээ бир өндүрүүчү өлкөлөрдөн турган ОПЕК+ тобунун энергетика жана мунай министрлери 5-октябрда Австриянын борбору Венада өткөн жыйында күнүмдүк мунай өндүрүүнү ноябрь айына карата 2 миллион баррелге кыскартуу чечимине келишкен.



Тектеш кабарлар