Бербок: "Климаттык кризис эң чоң коопсуздук коркунучу"

Бербок Люксембургда өткөрүлгөн Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алдында сөз сүйлөдү.

1893896
Бербок: "Климаттык кризис эң чоң коопсуздук коркунучу"

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок, климаттык кризистин ушул кылымдын эң чоң коопсуздук коркунучу экенин айтты.

Люксембургда өткөрүлгөн Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алдында сөз сүйлөгөн Бербок, бул жерде кесиптештери менен жакшыраак климаттык тышкы саясат үчүн демилге көтөрүшкөндөрүн билдирди.

"Климаттык кризис – ушул кылымдагы эң чоң коопсуздук коркунучу" деген Бербок, климатты коргоо үчүн көрүлгөн ар бир чаранын да глобалдык тынчтыкка жана эл аралык коопсуздукка салым кошконун айтты.

Бербок жаңылануучу энергия булактарын кеңейтүү менен климаттык кризиске каршы жакшыраак күрөшүүгө болорун баса белгилеп, климаттык саясаттын Евробиримдиктин тышкы саясатынын чордонунда болушу керектигин маалымдады. 



Тектеш кабарлар