Украина: "1620 калктуу конуш кайра кайтарылды"
Кирил Тимошенко Telegram баракчасынан билдирүү жасады.
Украинанын президенттиги, Орусия менен согуш башталган 24-февралдан бери 1620 конуштун орус күчтөрүнөн кайтарылып алынганын жарыялады.
Украинанын президенттик аппаратынын жетекчисинин орун басары Кирил Тимошенко Telegram баракчасындагы билдирүүсүндө, Орусия-Украина согушу башталгандан бери орус күчтөрү басып алган конуштарда кайрадан көзөмөлгө алынган аймактар тууралуу маалымат берди.
Тимошенко украин армиясынын, орус күчтөрү Украинада басып алган конуштарды кайтарып алуу үчүн күрөшүн улантып жатканын билдирди.
Бүгүн өлкөсүндө «Ата Мекенди коргоочулар күнү» белгиленип жатканын маалымдаган Тимошенко: «Бүгүн маанилүү майрам. Украинаны коргоочулар күнү. Сиздердин (украин аскерлеринин) негизинде 1620 калктуу конуш орус баскынчыларынан бошотулду»,-деди.
Тимошенко орус күчтөрүнүн 13-октябрда Харьков, Донецк, Николайев, Днепр, Запорожье жана Херсон аймактарында жасаган кол салууларында 8 кишинин каза болгонун, 20 жарандын жараланганын да белгиледи.
Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов орус күчтөрүнүн бүгүн Харьковго каршы 4 ракеталык чабуул жасаганын айтты.