SOLOTÜRK шоу көрсөттү
Түркия менен бирге 50 өлкөдөн 110 фирма катышкан жарманке кечээ башталган.
1892697
![SOLOTÜRK шоу көрсөттү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8555/abff/af68/6349035d6ac17.jpg?time=1718809704)
Түрк аба күчтөрүнүн SOLOTÜRK пилотаж тобу Тунисте уюштурулган 2-Эл аралык авиация жана коргонуу жарманкесинде көрсөтмө учуусун ишке ашырды.
Энфида шаарында өткөрүлгөн Эл аралык авиация жана коргонуу жарманкесиндеги көрсөтмө учууну Тунистеги миссия өкүлдөрү, аскер окуу жайларынын студенттери жана жетекчилер көрүштү.
F-16 менен жарым саатка жакын созулган учуунун аягында SOLOTÜRK пилоту көрүүчүлөр менен саламдашты.
16-октябрга чейин улана турган жарманкенин алкагында дагы 3 шоу көрсөтө турган SOLOTÜRK жарманкеде таанытуу стендин да ачты.
Түркия менен бирге 50 өлкөдөн 110 фирма катышкан жарманке кечээ башталган.