Зеленский Түркияга ыраазычылык билдирди

Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына видеоконференция аркылуу катышкан Зеленский алгач сөз сүйлөп, андан соң ассамблея мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди.

1892549
Зеленский Түркияга ыраазычылык билдирди

Украинанын президенти Владимир Зеленский Түркияга Украина менен Орусиянын ортосундагы туткун алмашуудагы ортомчулук ролу үчүн ыраазычылык билдирди.

Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына видеоконференция аркылуу катышкан Зеленский алгач сөз сүйлөп, андан соң ассамблея мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Зеленский өз сөзүндө украиналык туткундарга алар дагы, Эл аралык Кызыл Крест комитети дагы жете албай, кыйноого алынганын билгендерин айтып: «Азовсталдагы туткундардын айрымдарын бошотууда бизге жардам берген түрк бийлигине да ыраазычылык билдиргим келет»,- деди.

Украина-Орусия согушунун 230 күндөн бери уланып жатканын жана күн сайын эртең менен Орусиянын кийинки бутасы эмне болот деген суроо менен ойгонгондорун белгилеген Зеленский, Орусиянын дипломатиялык чөйрөдө мүмкүн болушунча изоляцияланышы, саясий жана аскердик жетекчилерине кысым көрсөтүлүшү керектигине басым жасады.

Украинанын президенти Зеленский «Куралдардын үнү токтогондо дипломатия эң күчтүү курал. Бүгүн Орусия менен дипломатия болушу мүмкүн эмес»,-деп кээ бир өлкөлөрдүн бул темада эч нерсе болбогондой мамиле кылгандарын айтты.

Зеленский: «Биз террорист эмеспиз, орусиялык жарандарды өлтүрбөйбүз. Бирок бул согуштун аларга кымбатка турганын орус коомчулугуна көрсөтүү керек. Бул согушту алардын лидерлери баштаган», деген пикирин бөлүштү.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын Орусиянын Украинанын аймактарын мыйзамсыз аннексиялоосун айыптаган резолюцияны 143 өлкөнүн добушу менен кабыл алганын жеңиш деп сыпаттаган Зеленский, ЕКПАнын Орусияны “террордук мамлекет” деп тааныган биринчи мекеме болушун күткөнүн билдирди.



Тектеш кабарлар