Владимир Путин менен Аббас Палестина тууралуу сүйлөштү

Россиянын президенти Владимир Путин Палестина маселесинин эл аралык укуктун алкагында чечилишин жактай тургандарын айтты.

1892560
Владимир Путин менен Аббас  Палестина тууралуу сүйлөштү

Россиянын президенти Владимир Путин Палестина маселесинин эл аралык укуктун алкагында чечилишин жактай тургандарын айтты.

Путин менен Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас Казакстандын борбор шаары Астанада өткөн Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешинин 6 - саммитинин алкагында жолугушту.

Россия менен Палестинанын ортосундагы карым - катнаштарга токтолгон Путин экономика тармагында кызматташтыктын өнүктүрүлүшү керектигин белгиледи.

Палестина маселесинде да «принциптүү» позициясы бар экенин баса белгилеген Путин : «Позициябызды БУУнун негизги чечимдерине негизделген жана өзгөрбөйт. Бул тууралуу эч шектенүү болбосун, ар дайым эл аралык укуктун негизинде адилеттүү чечүүчү жолду жактадык. Ушул мааниде позициябызга ишенсеңиздер болот»,- деди.

Аббас да Палестина меселеси тууралуу : «Биз да эл аралык мыйзамдуулукка сый көрсөтүлүшүн каалайбыз. Бул менин каалоом эмес. Бул сый көрсөтүлүшү керек болгон норма»,- деди.

Жакынкы Чыгыш төрттүгүнүн (Россия, АКШ, Европа Биримдиги, БУУ) алкагында иштердин баштатылышы керектигин баса белгилеген Аббас : «АКШнын Палестина маселеси менен жалгыз өзүнүн алектенишин каалабайбыз. АКШ төрттүктүн мүчөсү болушу мүмкүн бирок маселенин монополияланылышын кабыл албайбыз»,- деди.

Азык-түлүк товарларына муктаж болгондорун билдирген Аббас Россиянын дан өткөрүүсүнүн өздөрү үчүн маанилүү экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар