NOS Түркиянын ролун мактады

NOS Түркиянын ортомчулугу тууралуу кабар жарыялады.

1892507
NOS Түркиянын ролун мактады

Нидерландиянын коомдук кабар агенттиги NOS Түркиянын Орусия-Украина согушундагы ортомчулук ролун мактады.

NOS 24-февралда башталган Орусия-Украина согушунун башталышынан бери жүргүзгөн Түркиянын ортомчулугу тууралуу кабар жарыялады.

Кабарда Түркиянын НАТОнун берки мүчөлөрүнөн айырмаланып Украинага колдоо көрсөткөнү жана Орусия менен жакшы карым-катнаштарын улантканына көңүл бурулду.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун апта башындагы жолугушуусунда Орусия менен Украинанын ортосунда ок атышпоо зарылчылыгы боюнча макулдашкандары баса белгиленип, Херсон жана Запорожье аймактарынын Орусия тарабынан аннексиялануудан баш тартканы эске салынды.

Түркиянын Кара деңиз дан демилгесинде маанилүү роль ойногонуна басым жасалган кабарда, глобалдык азык-түлүк кризисинин алдын алган дан ташуу келишиминин Түркиянын координациясында ишке ашканы маалымдалды.

Кабарда Украина менен Орусиянын ортосундагы туткун алмашуунун да Түркиянын ортомчулугунда болгону белгиленди.



Тектеш кабарлар