Ляйен: «Украинаны аягына чейин колдошубуз керек»

Фон дер Ляйен Бельгиянын борбору Брюсселдеги Евробиримдиктин элчилер конференциясында сөз сүйлөдү.

1892127
Ляйен: «Украинаны аягына чейин колдошубуз керек»

Европа Биримдиги (ЕБ) комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен: «Биз Украинаны аягына чейин колдоону улантышыбыз керек»,-деди.

Фон дер Ляйен Бельгиянын борбору Брюсселдеги Евробиримдиктин элчилер конференциясында сөз сүйлөдү.

Орус президенти Владимир Путиндин "эгемен Украинанын аймагын эч кандай себепсиз агрессия менен басып алганын, элди курал менен добуш берүүгө (өткөн айда Украинанын кээ бир аймактарында өткөн референдумда) түрткөнүн билдирген фон дер Ляйен орус лидеринин өзөктүк куралдарга байланыштуу сөздөрүнө да токтолду.

Фон дер Ляйен: «Бул бир гана Орусиянын кошуналарын тынчсыздандырган жок. Бул Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) келишимине кол салуу болуп саналат»,- деп айтты.

Орусиянын айрым жакын өнөктөштөрүнүн да Путинди сындагандарын айткан Фон дер Ляйен: «Кытай менен Индия согушка байланыштуу тынчсызданууларын ачык билдирген Самарканд саммити Орусия үчүн фиаско болду»,- деди.



Тектеш кабарлар