Путин Гросси менен жолугушту
Путин «Запорожье» атомдук станциясы тууралуу акыркы абалды кеңешүүгө даяр экендиктерин да билдирди.
![Путин Гросси менен жолугушту](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/91af/97ca/6b84/634671c15c6c7.jpg?time=1718727638)
Орусиянын президенти Владимир Путин Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин жетекчиси Рафаэль Мариано Гросси менен жолугушту.
Путин, Санкт-Петербургда Гросси менен өткөргөн жолугушуусунда басма сөзгө ачык бөлүгүндө сүйлөгөн сөзүндө, өзөктүк маселенин акыркы убакта көп учурда саясий темага айланганын айтты.
Бул абалдын кооптуу экенине көңүл бурган Путин: «Сиздердин аракеттериңиздин негизинде биз бул маселе боюнча бардык риторикаларды азайтып, дүйнөдөгү бардык башаламандыктарга жана татаал процесстерге карабастан бул жаатта кызматташуубузду нормалдаштыра алабыз деп үмүттөнөбүз»,-деди.
Путин ошондой эле «Запорожье» атомдук станциясы тууралуу акыркы абалды кеңешүүгө даяр экендиктерин билдирди.
Гросси болсо «Запорожье» атомдук станциясына байланыштуу бүткүл аймак үчүн зыяндуу натыйжаларды бере турган өзөктүк апааттарды болтурбоо үчүн аракет кылып жаткандарын айтты.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718727639)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.