Оливер Вархели Босния жана Герцеговинага «талапкер өлкө» статусун берүүнү сунуштады

Европа Биримдиги  комиссиясынын кеңейүүдөн жооптуу мүчөсү Оливер Вархели Босния жана Герцеговинага «талапкер өлкө» статусунун берилиши үчүн корутунду берилгенин жарыялады.

1892033
Оливер Вархели Босния жана Герцеговинага «талапкер өлкө» статусун берүүнү сунуштады

Европа Биримдиги  Комиссиясынын кеңейүүдөн жооптуу мүчөсү Оливер Вархели Босния жана Герцеговинага «талапкер өлкө» статусунун берилиши үчүн корутунду берилгенин жарыялады.

Вархели Комиссиянын 2022 - жылдын кеңейүү отчетунун Европа Парламентинде киргизген сунушунда   «потенциалдуу талапкер» өлкө болгон Босния жана Герцеговинага «талапкер өлкө» статусун берүү сунушунун жасалганын жарыялады.

Европа Биримдигинин Босния - Герцеговинаны коррупция менен күрөшүү, сөз жана басма сөз эркиндиги, укуктук реформалар сыяктуу темаларда байкоосун уланта турганын белгилеген Вархели «14 артыкчылыктын» ишке ашырылышынын маанисине басым жасады.

Европа Биримдиги  23 - июнда Босния жана Герцеговинага талапкер статусун берүүгө даяр экенин билдирди жана Комиссияны 14 негизги артыкчылыктарды ишке ашыруу боюнча отчет берүүгө чакырды.



Тектеш кабарлар