Германиянын Iris-T SLM үлгүсүндөгү абадан коргоо системасын Украинага бергени билдирилди
Der Spiegel журналынын кабарында Iris-T SLM үлгүсүндөгү абадан коргонуу системасынын кечээ Польша - Украина чек арасына жакын жерге жеткирилгени маалымдалды.
Германиянын Украина бере турганын жарыялаган Iris-T SLM үлгүсүндөгү абадан коргоо системасынын биринчисин Украина куралдуу күчтөрүнө тапшыргандыгы ортого салынды.
Der Spiegel журналынын кабарында Iris-T SLM үлгүсүндөгү абадан коргонуу системасынын кечээ Польша - Украина чек арасына жакын жерге жеткирилгени билдирилди.
Германиянын коргоо министри Кристин Ламбрехт дүйшөмбү күнү жасаган билдирүүсүндө Iris-T SLM үлгүсүндөгү заманбап абадан коргонуу системасынын биринчиси жакынкы күндөрдө украиналыктарды эффективдүү коргоого даяр болорун билдирди.
Коргоо министрлиги ошондой эле Iris-T SLMнин жаңы иштелип чыккан заманбап абадан коргонуу системасы экендиги жана Германиянын Украинага жалпысынан 4 Iris-T SLM системасын бере турганы тууралуу маалыматты бөлүштү.