Франция Чыгыш Европа өлкөлөрүнө танктарды жана зооттолгон унааларды жөнөтөт

Франциянын коргоо министри Себастьян Лекорну маалымат берди.

1891672
Франция Чыгыш Европа өлкөлөрүнө танктарды жана зооттолгон унааларды жөнөтөт

Франция НАТОдогу аскердик күчүн чыңдоо үчүн Европанын чыгыш канатындагы мамлекеттерге аскердик бөлүктөр менен танктарды жана зооттолгон унааларды жөнөтөт.

Франциянын коргоо министри Себастьян Лекорну Сенаттын тышкы иштер комитетинде сүйлөгөн сөзүндө президент Эммануэль Макрондун, НАТОнун чыгыш канатындагы абалды жана Украинадагы жаңжалдын оордугун эске алып, Румынияга брондолгон унааларды жана Леклер тибиндеги танктарды жайгаштыруу чечимин чыгарганын билдирди.

Лекорну өлкөсүнүн ошондой эле Литвага Rafale согуштук учактарын жана Эстонияга жөө аскер бөлүктөрүн жайгаштырарын айтты.



Тектеш кабарлар