Зеленский Россиянын Украинанын бир топ шаарына жасаган кол салууларына каршылык көрсөттү

Зеленский : «Азыркы учурда жалпы өлкөдө оңдоо иштери улантылууда»,- деди.

1891290
Зеленский  Россиянын Украинанын бир топ шаарына жасаган кол салууларына каршылык көрсөттү

Украинанын президенти Владимир Зеленский «Украинаны коркутуу же  токтотуунун мүмкүн эмес экендигин» айтты. Зеленский түнкү сааттарда Телеграмм  эсебинен берген билдирүүсүндө кечээ эрте менен орус күчтөрүнүн Украинанын бир топ шаарына жасаган кол салууларына каршылык көрсөттү. Киевде жасалган ракеталык кол салуулардын натыйжасында зыян тарткан структураларды оңдоо ишин аткарып жаткан курулуш техникасынын алдында маалымат берген Зеленский : «Азыркы учурда жалпы өлкөдө оңдоо иштери улантылууда»,- деди.

Россиянын Украинанын шаарларына  84 канаттуу ракета учурганын жана анын 43нүн Украинанын абадан коргонуу системалары тарабынан жок кылынганын белгилеген Зеленский орустар жөнөткөн, Иранда жасалган 24 учкучсуз учуучу аппараттын  13нүн украиналык аскерлер тарабынан атып түшүрүлгөнүн айтты.

Зеленский : «Андан кийин да ар бир 10 минутада Иранда жасалган «Шахид» учкучсуз учуучу аппараттын атылгандыгына байланыштуу кабарларды алып жатам»,- деди.

Владимир Зеленский : “Украинаны коркутуу мүмкүн эмес, мындан ары дагы көбүрөөк биригүү гана мүмкүн”,- деп  Россия фронтто ийгиликсиз болгону үчүн  өлкөсүнө каршы “террордук кыймылдарды” аткарып жаткандыгын жактады. Абадан кол салуу коркунучу уланып жаткандыктан жарандарды этият болууга чакырган Украина лидери бул согушта  ийгиликтүү болушарын айтты. Ошол эле учурда Украинанын президенти Зеленский соцтармактан берген жазуу түрүндөгү маалыматта АКШнын президенти Жо Байден менен телефон аркылуу «пайдалуу   сүйлөшүү өткөрүшкөндөрүн» белгиледи. Сүйлөшүүнүн негизги күн тартип беренеси  абадан коргонуу системасы болгонун баса белгилеген Зеленский : «Азыркы учурда  бул коргонуу кызматташуубуз биринчи орунда»,- деди.



Тектеш кабарлар