Жаңы Зеландияда 240 кит өлдү
Жетекчилер жээкке чыккан 240 киттин абалынын техникалык топ тарабынан каралып чыккандыгын, аман калган киттердин уктатылганын билдиришти.
Жаңы Зеландиянын Питт аралында 240 кит өлдү.
Жетекчилер жээкке чыккан 240 киттин абалынын техникалык топ тарабынан каралып чыккандыгын, аман калган киттердин уктатылганын билдиришти.
Жаратылышты коргоо департаментинин кызматкери Дэйв Лундкис, киттерди уктатуу боюнча : "Бул чечим оңой чечим эмес, бирок мындай абалдарда бул абдан жакшы жол",- деди.
Жээкке чыккан киттерден тирүү калгандарын акуланын кол салуу коркунучунан улам кайрадан сүздүрүүгө аракет кылышпагандарын белгилеген жетекчилер ошол эле учурда аймакта бул процесске жардам бере турган адистин жетиштүү эмес экендигин белгилешти.
Питт аралы менен бирдикте Жаңы Зеландиянын Чатам аралдарын түзгөн Чатам аралында да 8 - октябрда жээкке чыккан 215 кит өлгөн. Киттердин эмне себептен жээкке чыккандыгы белгисиз.