Лавров : "Эрдоган менен Путин Астанада жолугушат"

Азияда кызматташуу жана ишеним арттыруучу  чаралар конференциясы Астанада өтөт.

1891378
Лавров : "Эрдоган менен Путин Астанада жолугушат"

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров  президент Режеп Таййип Эрдоган менен Россиянын президенти Владимир Путиндин бул жумада Казакстандын борбор шаары Астанада жолугушарын айтты. Сергей Лавров Россия  1  каналында маалымат берди. Лавров Түркиянын Украина менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү сунушу тууралуу : "Эрдоган менен Путин бул жумада (12 - 13 - октябрь) Астанада (Азияда кызматташуу жана ишеним арттыруучу  чаралар конференциясынын 6 -  саммитинин негизинде) жолугушат, бул жыйын бул маселелерди сүйлөшүү үчүн бир мүмкүнчүлүк",- деди. 

Москванын ар кандай сүйлөшүү сунуштарын угууга даяр экенин, бирок алгач демилгелердин мазмунун билиши керектигин баса белгилеген Лавров : "АКШ президент Жо Байден менен Путин жолугушуусу сунушун киргизе турган болсо карап чыгабыз",- деди. 

 



Тектеш кабарлар